# 74-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163841..1163842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 74-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-74

---

Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар: ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса; жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса; ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса; балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса; аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо; өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе; бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса. (КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-73)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-75)
