74-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуу
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 13-Глава
Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар: ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса; жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса; ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса; балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса; аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо; өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе; бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса. (КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 27.08.2011 · № 521
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-74" title="74-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>