# 73-статья. Ата-энелик укуктарды коргоо

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163836..1163837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 73-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-73

---

1. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) баланы өзүндө мыйзамдын негизине же соттун чечиминин негизине таянбастан кармап турган кандай адам болбосун кайтарып алуу талабын коюуга укуктуу. Талаш-тартыш туулган учурда ата-эне өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

Эгерде сот баланын ата-энесине кайтарылып берилиши баланын кызыкчылыктарына жооп бербейт деген тыянакка келсе, ушул талаптарды караган учурда баланын ой-пикирин эске алуу менен, ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси да, бала колунда турган адам да аны ойдогудай тарбиялай жана өстүрө албай турганы сот тарабынан аныкталса, сот баланы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-72)  
Кийинки берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-74)
