# 72-статья. Баланын чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жана башка туугандары менен катташууга болгон укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 72-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-72

---

1. Бала менен чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жана дагы башка туугандары катташууга укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси (алардын бири) баланын жакын туугандары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ата-энени мындай катташууга тоскоолдук кылбоого милдеттендирет.

3. Эгерде ата-эне (алардын бири) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн чечимине баш ийбесе, баланын жакын туугандары, болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү бала менен катташууга тоскоолдуктарды четтетүү тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Сот талаш-тартышты баланын кызыкчылыгын көздөө жана баланын ой-пикирин эске алуу менен чечет. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, күнөөлүү ата-эненин бирине жарандык процесстин мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-73)
