# 71-статья. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин (бири) ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырышы

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163853..1163854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 71-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-71

---

1. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар.

Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе.

2. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби тууралу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-энелер макулдашууга келе алышпаса, ата-эненин (экөөнүн бири) койгон талабы боюнча талаш-тартыш баланын кызыкчылыктарынан улам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен сот аркылуу чечилет. Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен, ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бул талаш-тартышты карайт жана чечет.

3. Соттун чечими аткарылбаганда күнөөлүү ата-эненин бирине жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат. Соттун чечими кара ниеттик менен аткарылбай калганда баладан бөлөк жашаган ата-эненин биринин талабы боюнча баланын кызыкчылыгын көздөө, анын пикирин эсепке алуу менен сот баланы ага өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгара алат.

4. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири өз баласы жөнүндө тарбия берүүчү мекемелеринен, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен, дагы башка ушуга окшош мекемелерден маалымат алууга укугу бар. Ата-эненин бири тарабынан баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган кезде гана маалымат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Маалымат берүүдөн баш тартуу сот тартибинде гана талаштан кийин чечилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-70)  
Кийинки берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-72)
