70-статья. Ата-энелик укуктарды жүзөгө ашыруу
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 13-Глава
70-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 70-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ата-энелик укуктардын жүзөгө ашырылышы балдардын кызыкчылыктарына карама-каршы келбеши керек. Балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу ата-энениин камкордугунун негизги жүйөсү болууга тийиш.
Ата-эне укуктарын жүзөгө ашырганда ата-эне балдарынын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш. Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
2. Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет.
Макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат.
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 28 апреля 1995 года №1-01 «О судебной практике по делам, связанным с воспитанием детей»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 35 · № 1-01 токтомго өзгөртүү киргизет
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 28 апреля 1995 года №1-01 «О судебной практике по делам, связанным с воспитанием детей»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 35
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-70" title="70-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>