# 69-статья. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдар) укуктары менен милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714); 17.05.2012 [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654); 12.06.2008 [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163842..1163843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 69-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-69

---

1. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алардын ата-энелерине жүктөлөт.

Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде соттор менен болгон мамилелеринде атайын ыйгарым укуксуз эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп чыгышат.

2. Эгерде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ата-эне менен балдардын кызыкчылыгынын ортосунда карама-каршылык бар экени аныкталса, ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын кызыкчылыгынын атынан чыгууга укуксуз. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) менен балдардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-68)  
Кийинки берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-70)
