# 68-статья. Балдарга карата ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) укуктары жана милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163836..1163837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 68-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-68

---

1. Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү.

Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энесинин экөө тең (аларды алмаштырган адамдар) бирдей деңгээлде баланы тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө, тиешелүү түрдө багууга, аны материалдык жактан кармоого, турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү.

2. Баланын толук өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө тийиштүү бардык маселелер балдардын пикирин эске алуу менен жана балдардын кызыкчылыгынан улам өз ара макулдашуу боюнча ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан чечилет. Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) ортодо пикир келишпестиктер болсо ал пикир келишпестиктерди чечүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө же сотко кайрылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-69)
