# 67-статья. Жашы жетпеген ата-энелердин укуктары

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/13965)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163835..1163836>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 67-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-67

---

1. Жашы жетпеген ата-эне баласы менен чогуу жашоого жана аны тарбиялоого катышууга укуктуу.

2. Никеде турбаган жашы жетпеген ата-эненин ортосунда бала төрөлгөн учурда, алардын энелиги жана(же) аталыгы аныкталганда, он алтыга толгондо ата-энелик укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырганга укуктуу. Жашы жетпеген ата-эне он алтыга толгонго чейин балага камкорчу дайындаса болот, ал аны жашы жетпеген ата-эне менен бирге тарбиялоону жүзөгө ашырат. Жашы жетпеген ата-эне менен баланын камкорчусунун ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөр балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан чечилет.

3. Жашы жетпеген ата-эне өздөрүнүн аталыгын жана энелигин жалпы негиздерде тааныганга жана талашканга укугу бар, ошондой эле алар он алты жашка чыкканда өз балдарына карата аталыгын аныктоону сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-68)
