# 66-статья. Ата-энелердин укуктары менен милдеттеринин теңдиги

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 66-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-66

---

1. Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат.

2. Ушул главада каралган ата-энелердин укуктары балдар он сегиз жашка толгондо (бойго жеткенде), ошондой эле жашы жетпеген балдар никеге турганда жана мыйзамда белгиленген дагы башка учурларда - бойго жеткенге чейин, бала толук аракетке жөндөмдүү болгондо токтотулат.

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-67)
