# 65-статья. Баланын мүлктүк укуктары

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 65-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-65

---

1. Бала өз ата-энесинен, дагы башка үйбүлө мүчөлөрүнөн ушул Кодекстин V бөлүгүндө белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө каражат алууга укугу бар.

2. Алимент, пенсия, жөлөкпул түрүндө балага чегерилген суммалар ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) колуна тиет жана алар аны баланы багууга, тарбиялоого жана билим берүүгө чыгымдашат.

Жашы жетпеген балдарына алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-эненин бирөөсүнүн талабы боюнча сот төлөнүүгө тийиш болгон алименттин суммаларынын элүү пайыздан ашпаганын жашы жетпеген балдардын атына банктарда ачылган эсепке которууга чечим чыгарууга укуктуу.

3. Бала турак жай аянтын, өзү алган кирешени белек катары же мурас катары алган мүлктү, ошондой эле өзүнүн каражатына алынган кайсынысы болбосун мүлктү менчиктөө укугуна ээ.

Баланын менчик укугундагы өзүнө таандык болгон мүлккө тескөө укугу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 61, 63-статьялары менен аныкталат. Баланын мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ата-эне жүзөгө ашырганда камкордукка алынгандын мүлкүн тескөөгө карата аларга жарандык мыйзамдар аркылуу чектелген эрежелер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 72-статьясы) жайылтылат.

4. Ата-энесинин мүлкүн менчиктегенге баланын укугу жок, ата-эне баланын мүлкүн менчиктегенге укуктуу эмес. Бирге жашап турган балдар менен ата-энелери өзара макулдашуу боюнча бири-биринин мүлкүнөн пайдаланалышат.

5. Ата-эне менен балдардын жалпы менчикке укугу пайда болгон учурда жалпы мүлктү ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жарандык мыйзамдар аркылуу аныкталат.

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-66)
