# 64-статья. Баланын ысымын жана фамилиясын өзгөртүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411); 04.05.2011 [Закон КР от 4 мая 2011 года № 20 "О внесении изменений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203264); 20.06.2005 [Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/13965)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163847..1163848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 64-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-64

---

1. Ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясы өзгөртүлгөндө жашы жетпеген балдардын фамилиясы өзгөртүлөт.

Ата-эненин биргелешкен өтүнүчү боюнча бала он алты жашка толгонго чейин жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүүнү жүргүзөт. Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.

2. Нике токтотулган учурда же нике жараксыз деп табылганда балдар төрөлгөндө алган фамилияларын сактап калышат.

3. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эгерде бала өзара никеде турбаган адамдардан төрөлсө, аталыгы мыйзам түрүндө аныкталбаса, жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыгын көздөп, фамилиясын берүү өтүнүчү менен кайрылган энесинин фамилиясына өзгөртүп алышына уруксат берүүгө укуктуу.

5. Он жашка толгон баланын ысымы жана (же) фамилиясы анын өзүнүн макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2011-жылдын 4-майындагы № 20, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-65)
