# 63-статья. Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2025 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030431)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2025 [Закон КР от 17 июля 2025 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030431); 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112067)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=32921..36036>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 63-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-63

---

1. Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу.

2. Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат.

Атасы атын өзгөрткөндө анын жашы жетпеген балдарынын атасынын аты да, ал эми бойго жеткен балдарынын аты - бул тууралу алар арыз бергенде өзгөртүлөт.

3. Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясы менен аныкталат. Ата-энеси ар башка фамилияда болгондо ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет.

Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

- атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;

- чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;

- чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары менен фамилиялары алардын каалоолору боюнча алардын салтына жараша көрсөтүлөт. Ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев", "-ова" жана "-ева" деген мүчөлөр кошулуп жазылышы мүмкүн.

4. Баланын ысымына жана (же) фамилиясына карата ата-эненин ортосунда келип чыккан пикир келишпөөчүлүктөр сот тартибинде чечилет.

5. Эгерде аталыгы аныкталбаса, балага ысым энесинин айтуусу боюнча, атасынын аты баланын атасы катары жазылган адамдын атынан (ушул Кодекстин 54-статьясынын 3-пункту), фамилиясы - энесинин фамилиясына жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энеси экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясын, аты менен атасынын атын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр коет.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-64)
