# 61-статья. Баланын корголууга болгон укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714); 12.06.2008 [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163842..1163843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 61-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-61

---

1. Бала өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.

Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар), ал эми ушул Кодексте каралган учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр, прокурор жана сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Мыйзам тарабынан толук бойдон аракетке жөндөмдүү деп табылган жашы жетпеген бала бойго жеткенге чейин өз укуктары менен милдеттерин, анын ичинде коргонуу укугун өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Бала ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) кыянатчылыгынан коргонууга укуктуу.

Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары, анын ичинде ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан баланы тарбиялоо, билим берүү боюнча өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганда, болбосо ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланганда бала өзүн коргоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө кайрылууга, ал эми он төрткө толгондо сотко кайрылууга укуктуу.

3. Баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндө, анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралу билген уюмдардын кызмат адамдары менен дагы башка жарандар бала турган жердеги балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-62)
