# 60-статья. Баланын ата-энеси, дагы башка туугандары менен катташууга болгон укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163836..1163837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 60-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-60

---

1. Бала ата-энесинин экөөсү менен тең, жакын туугандары жана баш-

ка туугандары менен катышууга укуктуу. Баланын ата-энеси эки башка жашаган, алардын никеден ажырашкан же бала үй-бүлөдөн тышкары жашаган учурларда баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо, бала ата-энеси менен катышуу укугуна ээ.

2. Кыйчалыш кырдаалга кабылганда (кармоодо, камакта, кайтарууда, дарылоо мекемесинде турган жана башка) бала мыйзамда белгиленген тартипте өз ата-энеси, дагы башка бир туугандары менен катташууга укугу бар.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-61)
