# 6-статья. Окшоштугуна жараша үйбүлө мыйзамдарын жана жарандык мыйзамдарды үйбүлө мамилелерине колдонуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 6-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-6

---

Эгерде үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер үйбүлө мыйзамдары же тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынбаса жана аталган мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу жарандык укуктук ченемдер жок болгон учурда, эгерде ушул мамилелердин маани-мазмунуна карама-каршы келбесе, аларга окшош мамилелерди жөнгө салуучу (окшош мыйзам) үйбүлөлүк жана (же) жарандык укук ченемдери колдонулат. Мындай ченемдер жок болгондо үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери үйбүлөлүк жана жарандык укуктун негиздери менен принциптеринин (окшош укукка) жалпы башатынан, ошондой эле гумандуулуктун, акыл-эстүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн принциптеринин негизинде аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-7)
