# 55-статья. Аталыкты (энеликти) талашуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 55-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-55

---

1. Ушул Кодекстин 54-статьясынын 1 жана 2-пункттарына ылайык, туулгандыгын жазуу китебине ата-энени жазуу баланын атасы же энеси катары жазылган адамдын, болбосо баланын чыныгы атасы же энеси болгон адамдын, ошондой эле бойго жеткенден кийин баланын өзү, баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган ата-эненин камкорчусунун талабы боюнча сот тартибинде гана талашышы мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 54-статьясынын 2-пунктунун негизинде баланын атасымын деп жазылган адамдын аталыгын талашуу тууралу талабы, эгерде жазылып жатканда ал баланын чыныгы атасы эмес экени белгилүү болсо, анын талабы канааттандырылбайт.

3. Мыйзамда белгиленген тартипте жасалма жол менен уруктандырууга же эмбрионду салуу усулун колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген жубайы аталыкты талашканда ушул жагдайларга таянууга укуксуз.

Эмбрионду башка аялга салууга макулдук берген жубайлар, ошондой эле карын эне (ушул Кодекстин 54-статьясынын 4-пунктунун экинчи абзацы) туулгандыгын жазуу китебине ата-энесин жазып бүткөндөн кийин аталыкты жана энеликти талашкан учурда ушул жагдайларга таянууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-56)
