# 54-статья. Баланын ата-энесин туулгандыгын жазуу китебине жазып коюу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163841..1163842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 54-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-54

---

1. Өзара никеде турган ата-эне алардын биринин берген арызы боюнча туулгандыгын жазуу китебине баланын ата-энеси катары жазылышат.

2. Эгерде ата-эне өзара никеде турбаса, баланын энеси тууралу жазуу эненин берген арызы боюнча жүргүзүлөт, ал эми баланын атасы тууралу жазуу - баланын ата-энесинин биргелешип жазган арызы боюнча, же баланын атасынын арызы боюнча (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) жүргүзүлөт, же атасы соттун чечимине ылайык жазылат.

3. Бала никеде турбаган энеден төрөлсө, ата-энесинин биргелешип жазган арызы болбосо, же атасынын ким экендиги тууралу соттун чечими жок болсо, баланын атасынын фамилиясы туулгандыгын жазуу китебине энесинин фамилиясы боюнча жазылат, баланын аты жана атасынын аты жана улуту энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылат.

4. Никеде турган жана жасалма жол менен уруктандыруу же эмбрион салуу усулун (анын ичинде башка аялга) колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген адамдар ушул усулду колдонуунун натыйжасында бала төрөлгөн учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси деп жазылат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-55)
