# 52-статья. Баланын атасын сот тартибинде аныктоо

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163841..1163842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 52-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-52

---

1. Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы боюнча же ошол бала багуусунда турган адамдын арызы боюнча, ошондой эле бала өзү бойго жеткенде жазган арызы боюнча сот тартибинде аныкталат. Бул учурда сот баланын белгилүү бир адамдан жаралган деген тастыктоону тактоо менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.

2. Никеге турбаган жана жасалма уруктандырууга макулдук берген аял, ошондой эле карын эне көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууда колдонулган жыныс клеткаларынын донору болуп эсептелген эркекке карата аталыгын белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуксуз.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-53)
