52-статья. Баланын атасын сот тартибинде аныктоо
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 11-Глава
1. Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы боюнча же ошол бала багуусунда турган адамдын арызы боюнча, ошондой эле бала өзү бойго жеткенде жазган арызы боюнча сот тартибинде аныкталат. Бул учурда сот баланын белгилүү бир адамдан жаралган деген тастыктоону тактоо менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.
2. Никеге турбаган жана жасалма уруктандырууга макулдук берген аял, ошондой эле карын эне көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууда колдонулган жыныс клеткаларынын донору болуп эсептелген эркекке карата аталыгын белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуксуз.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
17.05.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Баланын атасын сот тартибинде аныктоо
кошулду: 1. Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана алынып салынды: ата-эне-
нин кошулду: ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан алынып салынды: (ата-
дан) кошулду: (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы … менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.
кошулду: 2. Никеге турбаган жана жасалма уруктандырууга макулдук берген аял, ошондой эле карын эне көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууда колдонулган жыныс клеткаларынын донору болуп эсептелген эркекке карата аталыгын белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуксуз.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 5 июля 1991 №2 «О применении судами законодательства при рассмотрении дел об установлении отцовства и выполнении…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 34
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-52" title="52-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>