# 49-статья. Нике келишимин түзгөндө, өзгөрткөндө жана бузганда кредиторлордун укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 49-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-49

---

1. Жубай өз кредиторун (кредиторлорун) нике келишимин түзгөндүгү, өзгөрткөндүгү же бузгандыгы жөнүндө кабардар кылууга милдеттүү. Бул милдетти аткарбаганда жубай нике келишиминин мазмунуна карабастан өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.

2. Карыз болгон жубайдын кредитору (кредиторлору) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте олуттуу өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу экөөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына өзгөртүү киргизүүнү же бузууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-50)
