# 48-статья. Жаза чараны жубайлардын мүлкүнө айландыруу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 48-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-48

---

1. Милдеттенмелер боюнча жубайлардын биринин жаза чарасы ошол жубайынын гана мүлкүнө айландырылышы мүмкүн. Бул мүлк жетишсиз болгондо кредитор жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө карыз болгон жубайга чегерилген карызды жубайынын үлүшүнөн бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде жубайлардын биринин милдеттенмелери боюнча алынган бардык нерселер үйбүлөнүн муктаждыгына жумшалганы сот тарабынан аныкталса, жаза чара жубайлардын жалпы милдеттенмелери боюнча, ошондой эле жубайлардын биринин милдеттенмеси боюнча, жубайлардын жалпы мүлкүнө айландырылат. Бул мүлк жетишсиз болгондо аталган милдеттенмелер боюнча жубайлардын ар бири өз мүлкү боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.

Эгерде жубайлардын жалпы мүлкү жубайлардын биринин кылмыш жолу менен табылган каражаттарынын эсебинен сатып алынганы, же көбөйтүлгөнү соттун өкүмү менен аныкталса, жаза чара тиешелүү түрдө жубайлардын жалпы мүлкүнө же анын бир бөлүгүнө айландырылышы мүмкүн.

3. Жубайлардын жашы жетпеген балдары келтирген зыян үчүн жоопкерчилик жарандык мыйзамдар аркылуу аныкталат. Жубайлардын жашы жетпеген балдары келтирген зыяндын ордун толтурууда жаза чаранын жубайлардын мүлкүнө айландырылышы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-49)
