# 46-статья. Нике келишимин өзгөртүү жана бузуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 46-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-46

---

1. Нике келишими жубайлардын макулдугу менен кандай учурда болбосун, өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Нике келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашуу нике келишиминин өзүндөй эле жол менен жасалат.

Нике келишимин аткаруудан бир жактуу баш тартууга жол берилбейт.

2. Жубайлардын биринин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген негиздер жана тартип боюнча соттун чечиминин негизинде нике келишими өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн.

3. Нике токтотулгандан кийинки мезгилге карата нике келишиминде каралган милдеттенмелерди кошпогондо, нике токтотулган учурдан тартып (ушул Кодекстин 26-статьясы) нике келишими күчүн жоготот.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-47)
