# 45-статья. Нике келишиминин мазмуну

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 45-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-45

---

1. Жубайлардын нике келишими менен мыйзам аркылуу белгиленген ортодогу менчик режимин (ушул Кодекстин 35-статьясын) өзгөртүүгө, жубайлардын ортосундагы бардык мүлкүнө орток, үлүштүк же өз-өзүнчө менчигине, анын айрым түрлөрүнө же жубайлардын ар биринин мүлкүнө менчик режимин белгилөөгө укуктуу.

Нике келишими жубайлардын колундагы жана ошондой эле алардын алдыда боло турган мүлкүнө да түзүлүшү мүмкүн. Жубайлар нике келишиминде бири-бирине каралашуу жагынан өз укуктары менен милдеттерин, бири-биринин кирешелерине катышуу ыкмаларын, ар бири үйбүлө чыгымдарын чыгаруу тартибин аныктап алууга; нике бузулган учурда ар бирине бериле турган мүлктү чектеп алууга, ошондой эле жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү болгон дагы башка ар кандай жоболорду аныктап алууга укуктуу.

2. Нике келишиминде каралган укуктар менен милдеттер белгилүү мөөнөттөр аркылуу чектелиши, болбосо белгилүү шарттардын болушуна же болбошуна көз каранды болушу мүмкүн.

3. Нике келишими жубайлардын укук жарамдуулугун же аракетке жөндөмдүүлүгүн, алардын өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун; жубайлардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке мамилелерин, жубайлардын өз балдарына карата укуктары менен милдеттерин жөнгө салууну; эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болуп турган жубайынын каражат жагынан жардам алуу укугун чектөөчү жоболорду караштырууну; жубайлардын бирин өтө ыңгайсыз абалга коюучу дагы башка шарттардын болушун же Кыргыз Республикасынын үйбүлө мыйзамдарынын негизги башталыштарына карама-каршы келүүчү чектөөлөргө жол бербейт.

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-46)
