Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-статья. Нике келишиминин мазмуну
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 9-Глава
1. Жубайлардын нике келишими менен мыйзам аркылуу белгиленген ортодогу менчик режимин (ушул Кодекстин 35-статьясын) өзгөртүүгө, жубайлардын ортосундагы бардык мүлкүнө орток, үлүштүк же өз-өзүнчө менчигине, анын айрым түрлөрүнө же жубайлардын ар биринин мүлкүнө менчик режимин белгилөөгө укуктуу.
Нике келишими жубайлардын колундагы жана ошондой эле алардын алдыда боло турган мүлкүнө да түзүлүшү мүмкүн. Жубайлар нике келишиминде бири-бирине каралашуу жагынан өз укуктары менен милдеттерин, бири-биринин кирешелерине катышуу ыкмаларын, ар бири үйбүлө чыгымдарын чыгаруу тартибин аныктап алууга; нике бузулган учурда ар бирине бериле турган мүлктү чектеп алууга, ошондой эле жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү болгон дагы башка ар кандай жоболорду аныктап алууга укуктуу.
2. Нике келишиминде каралган укуктар менен милдеттер белгилүү мөөнөттөр аркылуу чектелиши, болбосо белгилүү шарттардын болушуна же болбошуна көз каранды болушу мүмкүн.
3. Нике келишими жубайлардын укук жарамдуулугун же аракетке жөндөмдүүлүгүн, алардын өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун; жубайлардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке мамилелерин, жубайлардын өз балдарына карата укуктары менен милдеттерин жөнгө салууну; эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болуп турган жубайынын каражат жагынан жардам алуу укугун чектөөчү жоболорду караштырууну; жубайлардын бирин өтө ыңгайсыз абалга коюучу дагы башка шарттардын болушун же Кыргыз Республикасынын үйбүлө мыйзамдарынын негизги башталыштарына карама-каршы келүүчү чектөөлөргө жол бербейт.
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-45" title="45-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>