# 44-статья. Нике келишимин түзүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163841..1163842>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 44-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-44

---

1. Нике келишими никени мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жана никеде турган мезгилдин кайсы учурунда болбосун түзүлүшү мүмкүн.

Никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин түзүлгөн нике келишими никеге туруу мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Нике келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталат. Эгерде нике келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай келишимди же макулдашууну ырастоодон баш тартат.

3. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышына сот тартибинде даттанса болот.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-45)
