# 40-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө үлүштөрүн аныктоо

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163853..1163854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 40-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-40

---

1. Эгерде жубайлардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жана бул мүлктөгү үлүштөрүн аныктаганда жубайлардын үлүшү тең деп таанылат.

2. Сот жашы жетпеген балдардын кызыкчылыгынан жана (же) жубайлардын биринин көңүл бурууга арзый турган кызыкчылыгынан улам, атап айтканда, эгерде экинчи жубайы жүйөлүү себепсиз киреше албаган, баланы (балдарды) багууга катышуудан баш тарткан, жалпы мүлктү жашырган, жок кылган же бүлүндүргөн, же үйбүлөнүн кызыкчылыгына залал келтирүү менен чыгымдаган учурларда, алардын жалпы мүлкүндөгү жубайлардын үлүштөрүнүн баштапкы текчилигинен чегинүүгө укуктуу.

3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жубайлардын жалпы карызы пропорционалдуу чегерилген алардын үлүштөрүнө жараша жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-41)
