# 36-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 223 "О внесении изменения в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203184)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 223 "О внесении изменения в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203184); 20.06.2005 [Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/13965)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163837..1163838>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 36-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-36

---

1. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өзара макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Жубайлардын жалпы мүлкүн тескөө боюнча жубайлардын бирөөсү тарабынан жасалган бүтүм экинчи жубайынын макулдук берген жүйөсү болбогону боюнча жана анын талабы боюнча гана жана эгерде бүтүм жасаган башка тарап экинчи жубайынын бүтүмдү жасоого макул эмес экендигин алдынала билгендиги, же макул эмес экендигин алдынала билип туруп жасагандыгы далилденген учурларда сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек.

Аталган бүтүмдү жасоого нотариалдык жактан ырасталган макулдугу алынбаган жубайы, бүтүмдүн жасалгандыгын билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып үч жыл ичинде сот тартибинде бүтүмдү жараксыз деп табылышына талап коюуга укуктуу. (КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2009-жылдын 17-июлундагы № 223 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-37)
