# 33-статья. Жубайлардын фамилия тандап алуу укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 33-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-33

---

1. Жубайлар никеге турганда өз каалоосу боюнча биринин фамилиясын жалпы фамилия катары тандап алышат, болбосо жубайлардын ар бири никеге чейинки өздөрүнүн фамилияларын сактап калышат, же өзүнүн фамилиясына жубайынын фамилиясын кошуп алат.

Эгерде жубайлардын биринин никеге чейинки фамилиясы кош фамилия болсо, фамилияларды бириктирүүгө жол берилбейт.

2. Бир жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшү экинчи жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшүнө алып келбейт.

3. Нике бузулган учурда жубайлар жалпы фамилиясын сактап калууга же өзүнүн никеге чейинки фамилиясын калыбына келтирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-34)
