# 32-статья. Жубайлардын үйбүлөдөгү теңдиги

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 32-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-32

---

1. Жубайлардын ар бири иштин, кесиптин түрүн, бара турган жана жашай турган жерин эркин тандай алат.

2. Энелик, аталык, балдарга билим, тарбия берүү жана үйбүлөнүн башка маселелери жубайлардын теңдигинин принцибине таянып, жубайлар тарабынан чогуу чечилет.

3. Жубайлар үйбүлөдөгү мамилелерин өзара сыйлашуу менен жардамдашуунун негизинде түзүүгө, үйбүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү, өздөрүнүн балдарынын бакыбаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүү негизинде курууга милдеттүү.

4. Жубайларга үйдөгү эмгекке карата бирдей милдет жүктөлөт.

5. Жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-33)
