# 30-статья. Никенин жараксыздыгын четтетүүчү жагдайлар

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 30-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-30

---

1. Эгерде никени жараксыз деп табуу жөнүндө иш каралган учурга карата мыйзам күчүнөн улам никенин түзүлүшүнө жолтоо болгон баштагы жагдайлар жараксыз болуп калса, сот никени жарактуу деп таба алат.

2. Эгерде муну жашы жетпеген жубайынын кызыкчылыгы талап кылса, ошондой эле никени жараксыз деп таанууга макулдугу жок болсо, сот нике курагына жете элек адам тарабынан түзүлгөн никени жараксыз деп табуу жөнүндө коюлган доодон баш тарта алат.

3. Эгерде никеде катталгандар иши сот тарабынан каралганга чейин эле үйбүлө түзүп алган болсо, сот никени жалган нике деп таба албайт.

4. Эгерде ишти сот караганга чейин никеси катталган адамдардын ортосунда бала төрөлүп калса, мындай никени сот жалган нике деп таба албайт.

5. Жубайлардын ортосунда мыйзам тарабынан тыюу салынган туугандык жакындыгы болгон же никени каттоо учурунда жубайлардын бири бузула элек, башка никеде турган (ушул Кодекстин 15-статьясы) учурларды кошпогондо, нике бузулгандан кийин анын жараксыз деп табылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-31)
