# 27-статья. Өлдү деп жарыяланган же дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда никени калыбына келтирүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 27-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-27

---

1. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда жана тиешелүү сот чечимдери жокко чыгарылганда нике жубайлардын биргелешип жазган арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Эгерде жубайынын бири жаңы никеге турган болсо, нике калыбына келтирилбейт.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-28)
