# 26-статья. Никени бузууда анын токтотулган учуру

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 26-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-26

---

1. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу китебинде мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып токтотулат, ал эми нике сотто бузулганда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

2. Сотто никени бузуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Сот никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун бул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберүүгө милдеттүү. Никени бузуу жөнүндө күбөлүктү кимисинин болбосун жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынан алганга чейин жубайлардын жаңы никеге турууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-27)
