# 24-статья. Жубайлар никени бузууга өзара макул болушканда никени сот тартибинде бузуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 24-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-24

---

1. Ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлар никени бузууга өзара макул болушса, ошондой эле ушул Кодекстин 22-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жубайларды сот ажырашуунун жүйөсүн териштирбестен эле никени бузат. Жубайлар соттун кароосуна ушул Кодекстин 25-статьясынын 1-пунктунда каралган балдар жөнүндө макулдашууну берүүгө укуктуу. Мындай макулдашуу жок болсо, же эгерде макулдашуу балдардын кызыкчылыгын бузуп жатса, сот ушул Кодекстин 25-статьясынын 2-пунктунда каралган балдардын кызыкчылыгын коргоочу чараларды көрөт.

2. Сот тартибинде никени бузуу никени бузуу жөнүндө жубайлар арыз берген күндөн тартып кеминде бир ай өткөндөн кийин сот тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-25)
