# 23-статья. Никени бузууга жубайлардын биринин макулдугу болбогон учурда сот тартибинде никени бузуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 23-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-23

---

1. Эгерде жубайлардын мындан ары чогуу жашоо жана үйбүлөнү сактап калуу мүмкүн эместиги сот тарабынан аныкталса, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Жубайлардын бири никени бузууга макул болбосо, никени бузуу жөнүндө иш каралган учурда, сот жубайларды жараштыруунун чараларын көрүүгө, жубайлардын жарашуусу үчүн үч айдын аралыгындагы мөөнөт дайындап, ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

Эгерде жубайларды жараштыруу боюнча чаралар натыйжа бербесе жана жубайлар (алардын бири) никени бузууга талап коюп туруп алса, никени бузуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-24)
