# 22-статья. Никени сот тартибинде бузуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 22-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-22

---

1. Ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо, же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Эгерде жубайлардын бири никени бузууга каршы болбосо да, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуудан баш тартса (арыз берүүдөн баш тартат, никени бузууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө баргысы келбейт жана башка), никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-23)
