# 21-статья. Никени бузуу учурунда жубайлардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартышты жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында кароо

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2022 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112373)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163854..1163855>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 21-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-21

---

Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү, багууга муктаж эмгекке жөндөмсүз жубайын кароого кетүүчү каражатты төлөп берүү жөнүндөгү талаш-тартыш, ошондой эле бир жубайы сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылган (ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пункту) жубайлардын ортосунда келип чыгуучу балдар тууралу талаш-тартыштар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулгандыгына карабастан, сот тартибинде каралат. Жашы жете элек жалпы балдары жок, эмгекке жарамдуу жана аракетке жөндөмдүү жубайлар медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык медиация жол-жоболорун жүргүзүү аркылуу алардын жалпы мүлкүн бөлүү жөнүндө талаш-тартыштарды өз ара макулдашуу менен чечүүгө укуктуу. (КР 2022-жылдын 6-июнундагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-22)
