# 20-статья. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 20-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-20

---

1. Ортодо жашы жетпеген балдары болбосо жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогон жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу болгондо, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.

2. Жубайлардын биринин арызы боюнча жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болгонуна карабастан, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт, эгерде башка жубайы:

сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса; сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса; кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса.

3. Никени бузуу жана никенин бузулгандыгы тууралу күбөлүк берүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан никени бузуу жөнүндө жубайлардын чогуу берген арызынан бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Никени бузууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-21)
