# 2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069); 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 17.05.2012 [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654); 12.06.2008 [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163853..1163854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 2-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-2

---

Ушул Кодексте төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: нике - үйбүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана өз ара макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш кошуусу; жалган нике - үйбүлө күтөм деп ниеттенбестен, никенин катталышынан улам келип чыга турган кандайдыр бир пайда табууну көздөп түзүлгөн нике; үйбүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тарбияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу үйбүлөлүк мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү; нике курагы - адамдын никеге турушуна укук берген курак; балалык - бойго жетпегендердин укуктук абалы; мүлктүн келишимдик тартиби - жубайлардын жана алардын нике келишими аркылуу белгиленген менчигинин тартиби; карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду салуу усулун колдонууга макулдук берген аялдын ортосундагы макулдашуу; алименттер - бир адам тарабынан аны алууга укугу бар экинчи адамга берүүгө милдеттүү болгон каражат; үйбүлөлүк абал - никеде тургандагы же ажырашкандагы абал, балдардын же үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн болушу же болбошу; материалдык абал - эмгек акынын, пенсиянын, дагы башка кирешелердин болушу же болбошу, алардын өлчөмү, мүлктүн болушу, эмгекке жөндөмдүүлүгүн (абалын) жоготуу даражасы, үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнөн материалдык жардамдын алынышы же алынбашы; жарандык абалдын актылары - юридикалык жактан жол-жоболоштурулган жагдайлар, ал адамды жекелештирет жана анын укуктары менен милдеттеринин жаралышы, өзгөрүшү жана токтотулушу да ушуга байланыштуу болот; жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери; (Он төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) камкорчу (көзөмөлчү) - камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган адам; камкорчулук (көзөмөлчүлүк) - жашы жетпегендердин жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп табылгандардын укуктары менен кызыкчылыктарын укук жагынан коргоонун түрү; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр - райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо аткаруучу-тескөөчү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөр; үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү - он алты жашка чейинки балдар (анын ичинде, асырап алынган уулдар же асырап алынган кыздар), же болбосо пенсиялык мыйзамдарга ылайык пенсиялык куракка жеткен же медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ата-эне (анын ичинде, асырап алуучулар), жубайлар, ата-энеси бир же ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер (он алты жашка чейин); репродуктивдүү ден соолук - дени сак перзент жаратууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтө турган адамдын ден соолугу; карын энелик - карын эне менен кудуреттүү ата-эненин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча баланы бойго бүтүрүү, боюнда көтөрүү жана төрөө; гендердик теңчилик - коомдогу ар башка жыныстагы адамдардын социалдык жактан бирдей абалда болушу; үй эмгеги - үйбүлөнүн муктаждыгын канааттандырууга багытталган өзалдынча эмгектенүүнүн бир түрү; балдар эмгегинин эң жаман формасы - кулчулуктун бардык формалары, ошондой эле мажбурланган же милдеттендирилген эмгек, анын ичинде мүнөзү жана аткаруунун шарттары боюнча балдардын ден соолугуна же адеп-ахлагына зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар. алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу - алимент төлөө боюнча алименттик макулдашууну же алимент төлөө боюнча сот актысын системалуу түрдө (ушул Кодекстин 109-статьясынын негизинде алименттерди ай сайын төлөө милдетинде үч айдан ашык катары менен же бардыгын кошкондо бир жыл бою же алименттерди мезгил-мезгил менен төлөө милдетинде үч жолудан ашык), анын ичинде өзүнүн кирешелерин толугу менен же болбосо жарым-жартылай жашыруу, өндүрүп алууга мүмкүн болгон мүлкүн жашыруу, соттук аткаруучуга иштеген, окуган, киреше алган жерлерин өзгөрткөнү жөнүндө маалымат бербөө, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартылганына карабастан, өзүнүн кирешелери жана мүлкү, жашаган жана иштеген жери жөнүндө жалган маалыматтарды берүү жолу менен атайылап аткарбай коюу же толук эмес көлөмдө аткаруу. (КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-3)
