# 177-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтирүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 177-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-177

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске алар карама-каршы келбегендиктен улам Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган чекте жана тартипте колдонулат.

2. Ушул Кодекс кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:

өздөрү чыгарган ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин; ушул Кодекс кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; ушул Кодексти ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

---

Мурунку берене: [176-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-176)
