177-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтирүү
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · VIII БӨЛҮМ
1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске алар карама-каршы келбегендиктен улам Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган чекте жана тартипте колдонулат.
2. Ушул Кодекс кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:
өздөрү чыгарган ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин; ушул Кодекс кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; ушул Кодексти ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
177-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-177" title="177-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>