# 176-статья. Ушул Кодекстин ченемдерин колдонуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 176-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-176

---

1. Ушул Кодекстин ченемдери ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыгуучу үйбүлө мамилелерине карата колдонулат.

Ушул Кодексти колдонууга киргизгенге чейин келип чыгуучу үйбүлө мамилелери боюнча анын ченемдери, ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

2. Никеден ажырашуу учурун белгилеген ушул Кодекстин 26-статьясы сотто аны бузганда никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ушул Кодексти колдонууга киргизгенден кийин сотто никени бузууда колдонулат.

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сот тартибинде бузулган нике жарандык абалдын актыларын жазуу китебине никени бузууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күндөн тартып токтотулду деп эсептелинет.

3. Ушул Кодекстин 16-статьясына ылайык никени анык эмес деп табууга карата талаш-тартыш болуп жаткан бүтүмдү анык эмес деп табуу үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 201-статьясында белгиленген доо коюунун эскирүү мөөнөтү колдонулат.

4. Ушул Кодекстин 9 жана 17-главаларына ылайык белгиленген алимент төлөө жөнүндө никелешүү келишими менен макулдашуусун түзүүнүн шарты жана тартиби ушул Кодекс колдонууга киргизилгенден кийин түзүлө турган алимент төлөө тууралу нике келишимине жана макулдашуусуна карата колдонулат. Ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн алимент төлөө жөнүндө нике келишими жана макулдашуусу ушул Кодекске карама-каршы келбей турган жагында колдонулат.

5. Ушул Кодекстин 35-38-главаларында белгиленген жубайлардын экөөнө тең тиешелүү менчик жөнүндө жобо жана жубайлардын ар биринин өзүнө тиешелүү менчиги тууралу жобо ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин жубайлардын (алардын бири) жыйган мүлкүнө карата колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [175-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-175)  
Кийинки берене: [177-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-177)
