# 173-статья. Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилөө

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 173-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-173

---

1. Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдерин сот же жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жана башка органдар колдонгондо аны расмий чечмелөөгө, практикада колдонулушуна жана тиешелүү чет мамлекеттеги доктринага ылайык бул ченемдердин мазмунун белгилейт.

Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилөө максатында сот жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жана башка органдар белгилеген тартипте көмөк көрсөтүү жана түшүндүрмө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдарына кайрылышы мүмкүн, болбосо эксперттерди тартышат. Кызыкдар адамдар өздөрүнүн талаптарын же каршы пикирин негиздөөдө ага шилтеме жасоочу жана башка жол менен сотко же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына көмөк көрсөтүүдө жана чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилеген жана башка органдарга чет өлкөлүк үйбүлө укугунун мазмунун тастыктоочу документтерди көрсөтүүгө укуктуу.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктуна ылайык көрүлгөн чараларга карабастан, чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмуну белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

---

Мурунку берене: [172-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-172)  
Кийинки берене: [174-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-174)
