# 168-статья. Жубайлардын жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 168-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-168

---

1. Жубайлардын жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери алар чогуу жашап турган аймактагы мамлекеттин мыйзамдары, ал эми чогуу жашаган жери жок болгондо, алар акыркы жолу чогуу жашаган жердин аймагындагы мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Чогуу жашаган жери жок болгон жубайлардын өздүк жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын аймагында аныкталат.

2. Жалпы жарандыгы же чогуу жашаган жери жок жубайлар бири-бирине алимент төлөө жөнүндө нике келишимин же макулдашууну түзүүдө алимент төлөө тууралу нике келишими боюнча же макулдашуу боюнча алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарды тандап алат. Эгерде жубайлар алимент төлөө жөнүндө нике келишимине же алардын макулдашууларына карата тиешелүү мыйзамды колдонуу үчүн тандап алалбаган учурда ушул статьянын 1-пунктунун жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-167)  
Кийинки берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-169)
