# 165-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн никелешүүнү таануу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 165-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-165

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никелешүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет мамлекеттик жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде аны түзгөн аймактагы мамлекеттин мыйзамын сактоо менен түзүлгөн никелешүү Кыргыз Республикасында анык деп таанылат, эгерде ушул Кодекстин 15-статьясында каралган никелешүүгө тоскоолдук келтирүүчү жагдайлар болбосо.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде никелешүү түзүлгөн аймактагы мамлекеттин мыйзамын сактоо менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда түзүлгөн никелешүү Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

---

Мурунку берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-164)  
Кийинки берене: [166-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-166)
