# 163-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: VII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 163-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-163

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун формасы менен тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун шарттары никеге турууга тоскоол болуучу жагдайларга карата, ушул Кодекстин 15-статьясынын талаптарын сактоо менен никеге туруучу ар бир адам үчүн никеге туруу учурунда жараны болуп саналган адамдын өз мамлекетинин мыйзамдары менен аныкталат.

3. Бир нече чет мамлекеттин жарандыгы бар адамга ошол адамдын тандап алуусу менен ошол мамлекеттердин бирөөсүнүн мыйзамдары колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдын никеге туруу шарты, ал адам туруктуу жашап жаткан жериндеги мамлекеттин мыйзамы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-125)  
Кийинки берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-164)
