# 16-статья. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 16-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-16

---

1. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү, ошондой эле медициналык-генетикалык маселелер, үйбүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү никеге туруучулардын макулдугу менен гана алардын жашаган жериндеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан акысыз жүргүзүлөт.

2. Никеге туруучу адамды текшерүүнүн натыйжалары медициналык жашыруун сырды түзөт жана ал никеге турууга ниеттенген адамга медициналык текшерүүдөн өткөн адамдын макулдугу менен гана айтылышы мүмкүн.

3. Эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири экинчисинен венерикалык оорусу же ВИЧ-инфекциясы менен ооруй турганын жашырса, кийинкиси никени жараксыз деп табуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу (ушул Кодекстин 28-31-статьялары).

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-17)
