# 125-статья. Алименттик милдеттенмелердин токтотулушу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069); 02.03.2017 [Закон КР от 2 марта 2017 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111548); 30.06.2014 [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 125-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-125

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда белгиленген алименттик милдеттенмелер тараптардын бирөөсү өлгөндө, ушул макулдашуунун колдонуу мөөнөтү бүткөндө же ушул макулдашууда каралгандардын негизинде токтотулат.

2. Сот тартибинде өндүртүп алынуучу алименттерди төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда, ал эми билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдарга карата окуу аяктагандан кийин же жыйырма бир жашка жеткенде; баланы (кызды) асырап алганда аны багууга алимент өндүрүлүп турса; эмгекке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан таанылганда же алимент алуучу жардамга муктаж болбой калганда; жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз алимент алуучу - мурдагы жубайы жаңы никеге турганда; алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.

21. Нотариалдык буйрук тартибинде өндүрүп алынуучу алимент төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда; багууга алимент өндүрүлгөн баланы (кызды) асырап алганда; алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.

3. Балага алименттик милдеттенме кыймылсыз мүлккө (турак үйгө, квартирага, жер участогуна ж.б.у.с.) же анын бөлүгүнө менчик укугуна ээ болгонуна байланыштуу токтотулушу мүмкүн.

Жашы жетпеген баланын өзү кыймылсыз мүлккө же анын бир бөлүгүнө менчик укугун алуучу болуп саналат же бала жана бала жашаган атасы же энеси ошол мүлктүн жалпы үлүштүк менчик укугуна ээ болот. Алименттик милдеттенмелер боюнча алынган мүлк өндүрүп алууга коюлууга жатпайт. Жашы жетпеген бала алган мүлк жашы жеткенге чейин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн уруксаты менен гана ажыратылышы мүмкүн. Алимент төлөөнүн эсебине берилген кыймылсыз мүлккө (турак үйгө, квартирага, жер участогуна) же анын бөлүгүнө менчик укугуна ээ болуу, бөлөк жашаган ата-эненин бирин баланын кошумча чыгашаларына катышуу милдетинен бошотпойт. (КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-124)  
Кийинки берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-163)
