# 124-статья. Сот белгилеген алименттин өлчөмүн өзгөртүү жана алимент төлөөдөн бошотуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 124-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-124

---

1. Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үйбүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу.

2. Эгерде бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамдын алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамга карата билип туруп кылмыш жасагандыгы аныкталса же үйбүлөдө адепсиз жүрүм-турумун көрсөтсө, сот бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамга алимент өндүртүүдөн баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-123)  
Кийинки берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-125)
