# 123-статья. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын туруктуу жашоо үчүн чет мамлекетке жөнөп кеткен учурунда алимент төлөшү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163844..1163845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 123-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-123

---

1. Чет мамлекетке туруктуу жашоого жөнөп жаткан адам мыйзам боюнча ал багууга милдеттүү болгон үйбүлө мүчөлөрү менен ушул Кодекстин 104, 105, 108 жана 109-статьяларына ылайык алимент төлөө жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

2. Макулдашууга келалбаганда кызыкдар адам туруктуу акчалай суммадагы алименттин өлчөмүн аныктоо жөнүндө жана бир жолу төлөнүүчү алимент тууралу же алименттин эсебинен белгилүү бир мүлк берүү жөнүндө же алиментти дагы башка жол менен төлөө тууралу талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары туруктуу жашоого чыгып кетип жаткан адамдардын алименттик милдеттенмелерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленилет.

4. Эгерде соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, ага ылайык ата-энелердин биринен алимент алынса, ал Кыргыз Республикасы укуктук жактан жардам жөнүндө эл аралык келишим түзбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн чыгып кетип жатса, анда соттун чечими боюнча ал Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенге чейин баланын жашы жеткенге чейинки мезгил үчүн алимент төлөтүлүп алынат.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-122)  
Кийинки берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-124)
